Ссылки доступа

Сымбаттуу мырзалардын сынагы (жыйнак)


ММКлар бул маалыматтарды каалагандай колдоно алышат. Каалоочуларга видеотасмалардын түп нускасын да жиберебиз. Директ топтомунан дагы керек болгон видеолорду пайдалануу мүмкүнчүлүгү берилүүдө.

- Баатыр эненин бактылуу түйшүгү. Нарын районунун Кеңеш айылынын тургуну Элмира Асекованын сегиз баласы бар. Балдардын улуусу турмуш курган. Кичүүсү эки жашта. Баатыр эне азыр эч жерде иштебейт. Күйөөсү да жумушсуздуктун айынан үйдө. Үй-бүлө бир уйдун сүтү жана алты миң сом жөлөк пул менен жан сактайт. (видео)

- Москвадагы кыргыз алмасы. Орусиянын чилдесинде кыргыздын алмаларын сактап, саткан ишкер. Кара-Кечеде кезектен улам суткалап түнөп, автоунаасын ашканага айлантып, казан аскан айдоочулар. “Ош” базарда 20 жыл бут кийим оңдоп үй-бүлөсүн баккан өтүкчү. Түрк элин өзгөчө сүрөттөрү менен таң калтырган мекендешибиз. Ушул баяндар “Данисте” телетоптомунун кезектеги чыгарылышынын мазмунун түздү. (видео)

- Сымбаттуу мырзалардын сынагы. Насыр Тургунбаев Кыргызстандын эң келбеттүү мырзасы атыкты. Ал 21 жашта. "Mister Universal Ambassador Kyrgyzstan" аттуу сымбаттуу жигиттердин сынагы үч жылдан бери өткөрүлүп келет. Быйыл ага 29 жигит катышты. Алар калыстар тобуна өзүн алып жүрүү, сүрөткө түшүү жөндөмүн жана дене түзүлүшүн көргөзүштү. (сүрөт баян)

- Алматыда алты жыл кызын кордогон эне алты жылга соттолду. (видео Директ)

- Жеткиликтүү турак-жай боюнча бийликтин долбоору. Казакстандын Астана, Алматы жана Шымкент шаарларында иштеген жаштарга жеткиликтүү баада турак-жай ижарага бериле баштайт. Андай батирлердин баасы канча жана кимдер алууга укуктуу? Жаңы турак-жай долбоору тууралуу мажлисте өлкөнүн Коомдук өнүгүү министри Дархан Калетаев айтып берди. (Казакстандан видео)

- Тажик милиционерлери китепканага барууга милдеттендирилди. (видео Директ)

- Көп балалуу энелер кайрадан аткаминерлерге барууда. Көп балалуу ондогон эне Алматынын Алатау райондук акимчилигине барып, жетекчилик менен жолукту. Алар жөлөкпул, турак-жай жана балдар үчүн бекер түшкү тамак берүү өңдүү маселелерди көтөрүштү. (Казакстандан видео)​

- Human Rights Watch Гадоевдин тагдырына тынчсызданууда. Human Rights Watch укук коргоо уюмунун Борбор Азия боюнча өкүлү Стив Свердлов Шарофиддин Гадоевдин тагдырына тынчсыздануусун билдирди. Тажик бийлиги оппозициячыл активист мекенине өз каалоосу менен кайтып келгенин билдирүүдө. (Тажикстандан видео)

- Жалал-Абад: бензин ичпеген автоунаа.(Кыргызстандан видео)

- Назарбаева журналисттер үчүн талаптарды күчөтүү тууралуу пикирин айтты.Сенаттын депутаты, Казакстандын Журналисттер конгрессинин аткаруу комитетинин төрайымы жана президент Назарбаевдин кызы Дарига Назарбаева журналисттерди иш-чараларга киргизүү тартиптерин катаалдатуу тууралуу бийликтин планы боюнча пикирин билдирди. (Казакстандан видео)

- 16 миң теңгеге жашоо: бир үй-бүлөнүн күнүмдүк турмушу. (Казакстандан видео)

- Өрт коопсуздук эрежелери сакталбаган мектептеги сабактар. Түндүк-Казакстан облусунун Явленка айылындагы мектепте үч айдан бери жылуулук берилбейт. Учурда ар бир класста электр жылыткычтары сайылган. (Казакстандан видео)

- Таштанды иштетүү заводунун чатырындагы лыжа тебүүчү жол. Настоящее время)​

- Ак-Талаанын бозосу суукта үшүтпөйт. Нарын облусунун Ак-Талаа районунда азыр бозонун сезону. Кыштын кыраан чилдесинде айылдыктарды сөөктөн өткөн сууктан мына ушул бозо сактап, ток алып жүрөт. Аймакта “Ак талаанын бозосу” деп бренд болуп калган суусундукту жасоонун салттуу ыкмасы бузулбай, муундан муунга өтүп келет. (Кыргызстандан видео)

- Ирандагы революция кантип шахты, андан кийин революция жасагандардын өзүн жеңген? (Инфографика)

- Беш жыл мурдагы жана азыркы Майдан. (Настоящее время)

- «Бийлик сырлары». Айгүл Текебаева Атамбаев менен Текебаевдин мамилеси тууралуу. «Бийлик сырлары» берүүсүндө «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин жубайы Айгүл Текебаева күйөөсүнүн иши жана ага балдарынын кандай реакция кылгандыгы жөнүндө айтып берет. Мындан тышкары ал мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев менен Өмүрбек Текебаевдин ортосундагы мамилелерге токтолот. (Кыргызстандан видео)​

- Өзгөчө абал киргизүү идеясы Трамптын 2014-жылдагы билдирүүсүнө каршы келет. (видео Директ)

- Көз карандысыз орусиялык интернет тууралуу мыйзам: коркуу керекпи же күлүү керекпи? (видео Директ)

- СБУ Москва патриархынын чиркөөлөрүнө кол салууларды уюштурууга ФСБны айыптады. (видео Директ)

УРМАТТУУ КЕСИПТЕШТЕР! ТЕЛЕЖАҢЫЛЫК, КӨРСӨТҮҮ, САЙТ ҮЧҮН КӨЧҮРҮҮГӨ МҮМКҮН БОЛГОН, ЖЕТКИЛИКТҮҮ МИҢДЕГЕН АУДИО- ВИДЕОМАТЕРИАЛДАР МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗДАР. АЙРЫМДАРЫНЫН ЛОГОТИБИ ЖОК.

XS
SM
MD
LG