Ссылки доступа

Алматы полициясы активисттердин кармалышы боюнча түшүндүрмө берди


Алматынын полиция департаменти шаар акими Бауржан Байбектин 20-февралда өткөргөн жыйынына катышууга келген айрым активисттердин кармалышы боюнча түшүндүрмө берди.

Полиция коомдук тартипти бузуу фактыларынын алдын алганын билдирди. Маалыматтарга караганда, укук коргоо органдарынын эскертүүсүнө карабастан, бир нече киши акимдин катышуусундагы жыйынды үзгүлтүккө учуратууга аракет жасаган. Алар административдик укук бузуулар жөнүндөгү кодекске ылайык кармалган.

Кармалгандардын арасында Көк-Жайлау өзөнүндө курорт курууга каршы чыккан активист Андрей Бузыкин, укук коргоочу Ерлан Калиев, активист Марат Турымбетов бар. Алар полиция бөлүмүнө жеткирилип, бир нече сааттан кийин кайрадан бошотулган. Активисттер укук коргоо органдары мындай ыкма менен акимге ыңгайсыз суроолордун берилишинин алдын алышты деп эсептешүүдө.

Бир күн мурун оппозициячыл көз караштары менен таанымал активисттер Дильнар Инсенова менен Сахиб Жанабаева полиция кызматкерлери түн жамынып үйлөрүнө келип кеткенин билдиришкен.

XS
SM
MD
LG