Ссылки доступа

Тажик оппозиционери өмүрүнө коркунуч жаралашы мүмкүн экенин билдирди


Тажик оппозиционери Шарофиддин Гадоевдин санаалаштары анын Нидерландыдан Орусияга барар алдындагы билдирүүсүн жарыялады.

Билдирүүгө караганда, ал Орусияда Коопсуздук кеңешинин жогорку кызматтагы чиновниктери менен жолугушмак. Гадоев орусиялык күч түзүм өкүлдөрү менен байланышы болгонун, алар Москвадагы сапары учурунда коопсуздугуна кепилдик берүүнү убада кылышканын айткан.

Бирок бул сапардан кийин Гадоев эмнегедир Душанбеге келген. Бул тууралуу 15-февралда белгилүү болгон. Тажикстан бийлиги оппозиционер мекенине өз каалоосу менен келгенин жана жасаган кылмыштарына чын дилден өкүнгөнүн билдирген. Социалдык түйүндөрдө Гадоевдин шериктерин Тажикстанга кайтууга үндөгөн видеоролиги пайда болгон.

Бирок жаңы гана жарыяланган билдирүүдө Гадоев бул видеожазуу эгер ал өлүп калса же жоголуп кетсе ачыкка чыгарын айткан. Ал мекенине өз каалоосу менен кайтпай турганын ырастаган.

"Бул сапар учурунда Тажикстандын атайын кызматтары мени өлтүрүп же качырып кетиши мүмкүн. Ошондуктан, эгер мамлекеттик каналдардан менин катышуумда видеороликтер пайда болсо ишенбегиле, суранам. Себеби ал кыйноо жана кысым жолу менен жаздырылат. Мен өз каалоом менен Тажикстанга эч качан барбайм. Эч качан!" – деген Гадоев.

Гадоевге башпаанек берген Нидерланды бийлиги оппозиционердин сырдуу түрдө Тажикстанга кайтышын иликтей баштады.

Human Rights Vision уюму бул окуяны барымтага алуу деп атады. Укук коргоочулар Нидерланды бийлигин качкын макамын алган оппозиционерди кайтаруу боюнча саясий каналдарын колдонууга чакырды.

Human Rights Vision уюмуна тийген акыркы маалыматтар боюнча Шарофиддин Гадоев Фархор районундагы ата-энесинин үйүндө. Анын үйү Тажикстан атайын кызматтарынын курчоосуна алынган.

Видео

XS
SM
MD
LG