Маалыматка караганда, жаратылыш газын Казакстан аркылуу берүү кышкы мезгилде Ташкенттеги энергетикалык балансты сактайт. Ошол эле маалда Казакстандын түштүгү көгүлтүр отун менен камсыз болот.
«Транзиттик тарифтер 1 миң куб метр газ үчүн 2,9 долларды түзөт. Бул тең укуктук негизде, анткени Казакстан өзбек транзити аркылуу өзүнүн түштүк аймактарын дагы газ менен камсыз кылууда», — деп билдирди Бозумбаев.
2018-жылдын аягында «Узтрансгаз» жана «КазТрансГаз» компаниялары алгачкы жолу Казакстандын аймагы аркылуу Ташкентке жаратылыш газын жеткирүү тууралуу макулдашууга кол коюшкан.
Ага ылайык, өзбек газынын бир миллиард куб метр газы Газли - Чимкент жана Бухара - Газли - Ташкент - Бишкек - Алматы магистарлдык газ куурлары аркылуу Ташкентке жеткирилиши керек.