Ссылки доступа

Балдарга китеп окуткан соодагер (жыйнак)


ММКлар бул маалыматтарды каалагандай колдоно алышат. Каалоочуларга видеотасмалардын түп нускасын да жиберебиз. Директ топтомунан дагы керек болгон видеолорду пайдалануу мүмкүнчүлүгү берилүүдө.

- Рак тооруган балдарга мээрим керек. Бишкектеги Бакен Кыдыкеева атындагы жаштар театры ракка чалдыккан балдар тууралуу “Кат-кагаз учактар” спектаклин көрсөтө баштады. Анда ооруп калган жеткинчек ички кыялдары менен бөлүшүп, балалык, өмүр, өлүм тууралуу ой толгойт. Спектаклден түшкөн каражат "Жардам берүү оңой" фондуна которулат. Иш-чаранын башкы максаты - айыккыс ооруга чалдыккан балдардын көйгөйүнө коомчулуктун көңүлүн буруу. (видео)

- Балдарга китеп окуткан соодагер. Стамбул шаарынын 51 жаштагы тургуну Канбер Бозан чакан азык-түлүк дүкөнүн иштет. Ал акыркы төрт жылдан бери дүкөнүнүн бир бурчуна аңгеме китептерди тизип, окуучуларга акысыз таратып келет. Китептердин арасында залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун да чыгармалары бар. Өспүрүмдөр китепти окуп чыгып, дүкөнчү Канбер Бозанга кайталап айтып беришсе, бул үчүн таттуу алышат. Жеке ишкер жеткинчектердин окууга болгон кызыгуусун арттыргысы келет. (видео)

- Ала-Тоонун тобу жеңил. Турсунали Рустамов 1990-жылы, Тажикстандын Худжанд облусунун Пролетарский районунда туулган. 1993-жылы ата-энеси менен Бишкектеги Кара-Балта шаарына көчүп келишкен. Үй-бүлөлүү, үч баланын атасы. Учурда Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын жарым коргоочусу. (видео)

- Алматы четиндеги дарыгерлерсиз жана бейтапканасыз айыл. (видео РК)

- Бишкектеги багуусуз балдарды реабилитациялоо борбору жабылганы турат.(Настоящее время)​

- Казынадан «качкан» 6 миллиард. Кыргызстанда 2018-жылы республикалык бюджетке 6 миллиард 633 миллион сомдон ашык каражат түшпөй калды. Кирешесинен чыгашасы көп бюджетке эмне себептен мынча каражат түшпөй калды? (Кыргызстандан видео)

- «Бийлик сырлары». Турдукулов: Атамбаев шайлоого даярданып жатат. «Бийлик сырлары» берүүсүнүн бул жолку чыгарылышында жарандык активист Адиль Турдукулов Алмазбек Атамбаевдин жардамчысы болуп иштеп жүргөндөгү жумушу жана жакында эле аны менен болгон жолугушуусу тууралуу айтып берди. (Кыргызстандан видео)​

- Астана жана Алматы акимдери отчёт берген жыйындар. (сүрөт баян)

- Кыргыз депутаты алимент төлөбөй жүргөндөрдүн аты-жөнүн жарыялоону сунуштады. (Настоящее время)​

- «Өкүнүчүн билдирген» тажик оппозиционери алдын-ала видео жаздырып, аны уурдап кетүүлөрү мүмкүн экенин айткан. (Настоящее время)​

- Ондогон жүк унаалары дале болсо Түркмөнстандын чек арасынан өтө албай турушат. Түркмөнстан өз аймагы аркылуу транзитке тыюу салгандыктан, тажик жүк ташуучулары чыгашага учурап жатышат. (видео)

- Жалал-Абад: бензин ичпеген автоунаа.(Кыргызстандан видео)

- Кинодогу мыкты костюм үчүн «Оскар» кимге берилет? Негизги талапкерлер​.(Настоящее время)

- Өрт коопсуздук эрежелери сакталбаган мектептеги сабактар. Түндүк-Казакстан облусунун Явленка айылындагы мектепте үч айдан бери жылуулук берилбейт. Учурда ар бир класста электр жылыткычтары сайылган. (Казакстандан видео)

- АКШнын Кытайга каршы санкцияларды киргизишине себепчи болгон ракеталар көчүрүү маалында бузулуп, жок кылынды. (Настоящее время)​

- Ак-Талаанын бозосу суукта үшүтпөйт. Нарын облусунун Ак-Талаа районунда азыр бозонун сезону. Кыштын кыраан чилдесинде айылдыктарды сөөктөн өткөн сууктан мына ушул бозо сактап, ток алып жүрөт. Аймакта “Ак талаанын бозосу” деп бренд болуп калган суусундукту жасоонун салттуу ыкмасы бузулбай, муундан муунга өтүп келет. (Кыргызстандан видео)

- Ирандагы революция кантип шахты, андан кийин революция жасагандардын өзүн жеңген? (Инфографика)

- Путин эмнелерди убадалады? Орусиянын каржы министри Антон Силуанов Владимир Путин Федералдык жыйынга кайрылуусунда айткан бардык чаралар менен демилгелер үчүн жылына 100-120 миллиард рубль талап кылынарын эсептеп чыкты. (видео Директ)

- Xiaomi vs Samsung: жаңы үлгүлөр, күтүүлөр жана смартфон базарынын кайрадан бөлүштүрүлүшү. (видео Директ)

- Украинанын биринчи президенти Леонид Кравчуктун кеңири интервьюсу.(видео Директ)

- Орусия Крымдагы артефакттарды уурдап жатабы? Керчь визиттик карточкасынан ажырады – байыркы грек Пантикапеясынын аймагындагы белгилүү колонналар алынды. Жергиликтүү журналисттер конструкция бузулганын жана орусиялык музейчилер аны өзүлөрү оңдошу керектигин айтып жатканын билдиришүүдө. (видео Директ)

УРМАТТУУ КЕСИПТЕШТЕР! ТЕЛЕЖАҢЫЛЫК, КӨРСӨТҮҮ, САЙТ ҮЧҮН КӨЧҮРҮҮГӨ МҮМКҮН БОЛГОН, ЖЕТКИЛИКТҮҮ МИҢДЕГЕН АУДИО- ВИДЕОМАТЕРИАЛДАР МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗДАР. АЙРЫМДАРЫНЫН ЛОГОТИБИ ЖОК.

XS
SM
MD
LG