Ссылки доступа

Өзбек өкмөтү Pepsi соода маркасындагы өз үлүшүн сатат


Өзбекстан Pepsi, Zip, 7up, Adrenaline Rush, Lipton жана Mirinda соода маркаларын башкарган «International Beverages Tashkent» компаниясындагы өз акцияларын сатат.

Мамлекеттик статистика комитетинин маалыматы боюнча өзбек өкмөтүнө акциялардын 24 пайызы таандык, калган 76 пайызы Holten Group Corp компаниясына тиешелүү.

«International Beverages Tashkent» компаниясы 2011-жылы түзүлгөн.

Буга чейин өзбек өкмөтү Coca-Cola компаниясындагы өз үлүшүн дагы сата турганы кабарланган.

Маалыматтарга караганда, былтыр Өзбекстандын Каржы министрлиги Европалык реконструкция жана өнгүгүү банкынын (ЕБРР) өкүлдөрү, The Coca-Cola Company (АКШ) жана Coca-Cola Beverage (Түркия) менен сүйлөшүүлөрдү өткөргөн. Стратегиялык өнөктөштөрдү тартуу маселеси чечилсе, ЕБРР келишимди тариздөөгө жардам берет.

XS
SM
MD
LG