Ссылки доступа

Түркмөнстанда президент убадалаган жаныбарлардын баш калкалоочу жайы үчүн акча чогултула баштады


Түркмөнстанда президент тарабынан убадаланган жаныбарларга баш калкалоочу жай ачуу үчүн акча чогултуу өнөктүгү башталды. Бул тууралуу жарыялар өлкөнүн мамлекеттик басылмаларында пайда болду.

Маалыматка караганда, бул максатта банктан өлкөнүн Өндүрүүчүлөр жана ишкерлер бирикмесинин атынан атайын эсеп ачылган. Азырынча мекеме чогулган акчаны кандай колдоно тургандыгы белгисиз.

16-февралда өлкө президенти Гурбангулы Бердымухамедов жаныбарлар үчүн «борборлоштурулган клиника» ачуу тапшырмасын берип, ал өкмөттүн камкордугунда болуп, ага ишкерлер, жаныбарлардын укугун коргогон ыктыярчылар жардам көрсөтө турганын билдирген.

Ага чейин «Азаттык» радиосунун түркмөн кызматы Ашхабадда жана Түркмөнстандын башка аймактарында жолбун жаныбарларды атуу өнөктүгү күч алып, аларга катаал мамиле жасалып жатканын кабарлаган.

Ашхабад: куда попадают бездомные животные после отлова?
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:01:12 0:00
XS
SM
MD
LG