Ссылки доступа

Нидерланд ТИМи: Тажикстан бизге Шарофиддин Гадоев кармалгандыгы жөнүндө кабар берген


Шарофиддин Гадоев Нидерландда. Архив сүрөт

Нидерланддын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) тажик бийлиги оппозициялык саясатчы Шарофиддин Гадоевдин кармалгандыгы тууралуу Амстердамга маалымат бергенин билдирди.

«Нидерланд ТИМи Гадоевге жардам берүүнүн жолдорун издеп жатат. Бул маселе биздин көзөмөлдө», - деп билдирди Нидерланд ТИМинин басма сөз катчысы Вилемен Вельдман.

15-февралда тажик Ички иштер министрлиги (ИИМ) Гадоев мекенине өз каалоосу менен келгенин жана жасаган кылмыштарына чын дилден өкүнгөнүн билдирген. Социалдык түйүндөрдө Гадоевдин шериктерин Тажикстанга кайтууга үндөгөн видеокайрылуусу да пайда болгон. Бирок Тажикстандын Улуттук альянсы Шарофиддин Гадоев алгач Москвага чакырылып, ал жактан аны тажик атайын кызматы уурдап кеткенин билдирүүдө.

19-февралда Гадоевдин алдын ала жазылган башка видеокайрылуусу жарыяланган. Анда оппозициячы мекенине өз каалоосу менен кайтпай турганын айткан.

«Бул сапар учурунда Тажикстандын атайын кызматтары мени өлтүрүп же качырып кетиши мүмкүн. Ошондуктан, эгер мамлекеттик каналдардан менин катышуумда видеороликтер пайда болсо ишенбегиле, суранам. Себеби ал кыйноо жана кысым жолу менен жаздырылат. Мен өз каалоом менен Тажикстанга эч качан барбайм. Эч качан!» – деген Гадоев.

Тажикстан ИИМиндеги өз булак Шарофиддин Гадоев кармалбаганын билдирди. «Гадоевдин иши мунапыс берүү тууралуу өтүнүчкө байланыштуу азыр каралып жатат. Ал бир нече күнгө созулат. Учурда Гадоев кармалган жок, ал белгилүү бир сааттарда тиешелүү органдарга чакырылып турат», — деп билдирди булак.​

Шарофиддин Гадоев Нидерландда катталган «Реформа жана Тажикстандын өнүгүүсү» деп аталган кыймылдын жетекчиси. Акыркы жылдары Нидерландда жашап жүргөн оппозициячы тажик бийлигин катуу сындап келгендиги менен белгилүү.

Видео

XS
SM
MD
LG