Ссылки доступа

Өзбекстан үч баласы менен террорчулардын катарында жашап жүргөн аялды мекенине алып келди


Өзбекстандын Улуттук коопсуздук кызматы (УКК) алты жылдан бери үч баласы менен террорчулардын катарында жашап жүргөн Холбиби Кучирова аттуу аялды Түркиядан мекенине алып келди. Бул тууралуу УзА маалымат агенттиги кабарлады.

Холбиби Кучированын айтымында, ал 2013-жылы үй-бүлөсү менен Стамбулга барып, ал жерден күйөөсү «Ислам мамлекети» террордук тобунун катарына кошулуп кеткен.

«Балдарым менен Стамбулда ижарага батир алып жашап жүрдүм. Алардын эч кандай документтери жок болчу. Өзбекстанга келгим келген, бирок мүмкүнчүлүк болбой жүрдү. Президентке чоң рахмат, бүгүнкү күндө өз үйүмдө жашап жатам», — деди Кучирова.

Маалыматка караганда, 2013-жылы анын күйөөсү Ильхом Тураев Стамбулдагы агасынын чакыруусу менен жубайын жана балдарын алып Түркияга барган. Ал жактан «Ислам мамлекетине» азгырылып, алардын катарына кошулуп кеткен.

Учурда ал Сурхандарья облусундагы жатак абагында жаза мөөнөтүн өтөп, жергиликтүү кыш заводунда иштеп жүрөт.

XS
SM
MD
LG