Ссылки доступа

Венесуэла Колумбия менен чек арасына аскерлерди жайгаштырды (видео)


Венесуэла армиясынын кол башчысы "элдин коопсуздугун жана бейкутчулугун сактоо максатында " Колумбия менен чек арасында аскерлерди жайгаштырды.

Мындай маалымат Венесуэла армиясынын Твиттердеги расмий барагында пайда болду.

Чек аранын бул бөлүгү толугу менен жабылганын өлкөнүн вице-президенти Делси Родригес да билдирди. Ал Колумбия өкмөтү Венесуэланын эгемендүүлүгүнө олуттуу коркунуч жараткандыктан, Симон Боливар, Сантандер жана Унион көпүрөлөрү да тосулганын айтты.

23-февралда Америкалык өлкөлөрдүн уюму (OAS) Венесуэлага 600 тонна гуманитардык жүк салынган 10 жүк ташуучу унааны жөнөтүүнү пландаган.

Венесуэлада оппозициялык лидер Хуан Гуайдо өзүн президенттин милдетин аткаруучу деп жарыялаган жана көз карандысыз шайлоо өткөрүүнү талап кылып келет. Гуайдо АКШдан гуманитардык жардам алууну колдосо, Мадуро буга каршы.

Венесуэла: столкновение военных с депутатами парламента на границе с Колумбией
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:03:17 0:00

XS
SM
MD
LG