Ссылки доступа

HRW: Шарофиддин Гадоев Тажикстанга өз эрки менен кайтып келген эмес


Шарофиддин Гадоев
Шарофиддин Гадоев

Бир катар эл аралык укук коргоо уюмдары Орусия менен Тажикстанды бозгунда жүргөн тажик оппозиционери Шарофиддин Гадоевди мыйзамсыз кармап, күч менен Душанбеге алып келген деп айыптап чыгышты.

Бул маселе боюнча Борбор Азия мигранттарынын бирикмеси, «Борбор Азиядагы адам укуктары» бирикмеси, Хельсинки комитети жана Human Rights Watch уюмдарынын биргелешкен билдирүүсү 24-февралда жарыяланды.

Чет өлкөлөрдө жашаган тажик оппозиционерлеринин башын бириктирген «Тажикстан улуттук альянсынын» мүчөсү Шарофиддин Гадоев Орусиянын Коопсуздук кеңешинин өкүлдөрү менен жолугушуу үчүн быйыл 13-февралда Нидерланддан Москвага барган. 15-февралда болсо анын Тажикстанда экени белгилүү болгон.

Тажикстандын Ички иштер министрлиги (ИИМ) Гадоев жасаган кылмыштарына чын дилден өкүнгөнүн айтып, мекенине өз каалоосу менен кайтып келгенин билдирген. Көп өтпөй социалдык түйүндөрдө Гадоевдин шериктерин Тажикстанга кайтууга үндөп жатканы тартылган видеокайрылуусу да пайда болгон.

Бирок HRW уюмунун өкүлү Стив Свердлов Тажикстан менен Орусия көптөгөн эл аралык милдеттенмелерин аткарбаганын билдирүүдө. ​«Шарофиддин Гадоев Орусияда мыйзамсыз кармалып, сабалып, Тажикстанга жөнөтүлгөн. Ал жакта аны жасалма айыптоолор күтүп жатат», — деди Свердлов.

Уюмдун өз булактары менен Гадоевдин туугандарына шилтеме кылып билдиргенине караганда, Орусия менен Тажикстандын атайын кызматтары саясатчыны Москвада мыйзамсыз кармап, Душанбеге күчтөп жиберишкен. Ал эми тажик ИИМи тарабынан жарыяланган Гадоевдин видеокайрылуусу психологиялык жана физикалык басымдын алдында жаздырылган.

«13-февралда Гадоев Орусиянын Коопсуздук кеңешинин өкүлдөрү менен жолугушуу үчүн Москвага барган. 14-февралда орус атайын кызмат өкүлдөрү аны мейманканадан алып, аэропортко жеткиришкен. Оппозиционердин туугандары автоунаанын ичинен Шарофиддин сабалганын айтып жатышат. Орусиянын атайын кызмат өкүлдөрү Гадоевди «Сомон Эйрдин» учагына отургузуп, аны тажик атайын кызмат өкүлдөрү коштоп келишкен», — деп жазылган уюмдун билдирүүсүндө.

19-февралда «Тажикстандын Улуттук альянсы» Гадоевдин алдын ала жазылган башка видеокайрылуусу жарыяланган. Анда оппозициячы мекенине өз каалоосу менен кайтпай турганын айткан.

«Бул сапар учурунда Тажикстандын атайын кызматтары мени өлтүрүп же качырып кетиши мүмкүн. Ошондуктан, эгер мамлекеттик каналдардан менин катышуумда видеороликтер пайда болсо ишенбегиле, суранам. Себеби ал кыйноо жана кысым жолу менен жаздырылат. Мен өз каалоом менен Тажикстанга эч качан барбайм. Эч качан!» – деген Гадоев.

Шарофиддин Гадоев Нидерландда катталган «Реформа жана Тажикстандын өнүгүүсү» деп аталган кыймылдын жетекчиси. Акыркы жылдары Нидерландда жашап жүргөн оппозициячы тажик бийлигин катуу сындап келгендиги менен белгилүү.

XS
SM
MD
LG