Ссылки доступа

Өзбекстанда мугалим таяк менен урган окуучунун колу сынган


Өзбекстандын Денау районунда география мугалими окуучулардын бирин таяк менен уруп, анын колу сынган.

Окуучунун апасы Максуда Ниязова мугалимди жоопкерчиликке тартуу өтүнүчү менен райондук прокуратурага кайрылганын билдирди.

Мектептин директору Рукия Хакимова бул окуядан кийин география мугалими өз каалоосу менен иштен кеткенин айтып, ата-энелер буга чейин да ал мугалимге даттанып келишкенин кошумчалады.

Денау райондук билим берүү башкармалыгынан мугалимдин мындан ары билим берүү тармагында иштей алаар-албасы тергөөнүн жыйынтыгы чыккандан кийин белгилүү болорун билдиришти.

XS
SM
MD
LG