Ссылки доступа

Казакстан өкмөтүнүн курамы бекитилди


Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев өкмөттүн курамын бекитти.

Акордонун сайтында жарыяланган токтомго ылайык, Аскар Мамин – Казакстандын жаңы премьер-министри. Өкмөт башчынын орун басарлыгына буга чейин индустрия жана инфраструктуралык өнүгүү министрлигин жетектеп келген Женис Касымбек дайындалды. Каржы министрлигине Алихан Смаилов келди, ал премьер-министрдин биринчи орун басары кызматын дагы аркалайт.

Аскар Жумагалиев – санариптик өнүгүү, коргонуу жана аэрокосмостук өнөр жай министри, Даурен Абаев – маалымат жана коомдук өнүгүү министри болду. Абаев буга чейин маалымат жана коммуникация министрлигин жетектеген.

Мурдагы кызматтарын сактап калгандар: Бейбут Атамкулов – тышкы иштер министри; Нурлан Ермекбаев – коргоо министри; Ерлан Тургумбаев – ички иштер министри; Марат Бекетаев –юстиция министри; Елжан Биртанов – саламаттыкты сактоо министри; Арыстанбек Мухамедиулы – маданият жана спорт министри; Канат Бозумбаев – энергетика министри.

Премьер-министрдин дагы бир орун басарлыгына Гүлшара Абдыкаликова дайындалды. Бердибек Сапарбаев – эмгек жана калкты социалдык жактан коргоо министри, Руслан Даленов – улуттук экономика министри болду. Индустрия жана инфраструктуралык өнүгүү министрлиги буга чейин вице-премьер болуп иштеп келген Роман Склярга тийди.

Казак президенти Нурсултан Назарбаев 21-февралда мурдагы өкмөттү «экономиканын өнүгүшүн камсыздай алган жок, министрлер эл менен иштей албайт»​ деген сын менен кызматтан кетирген.

Бакытжан Сагинтаев башында турган өкмөт эки жарым жыл иштеген.

XS
SM
MD
LG