Түркмөнстандын мамлекеттик маалымат агенттиги (ТДХ) кабарлагандай, Гурбангулы Бердымухамедов ИИМдин Автоспорт борборун кыдырып, жаңы келген спорттук автоунаалар менен таанышты. Президент жарышка ылайыкташкан машинелерди мыкты айдай турганын далилдеди.
Жекшембиде Бердымухамедов шаардагы гольф-клубга барды. Бул күнү аны вице-премьер-министрлер, Ашхабаддын акими коштоп жүрдү.
Мамлекеттик телеканалдар ак формачан Бердымухамедов гольф-карда отуруп алып, орун басарларына гольф тууралуу лекция окуп жатканын көрсөтүштү. Бердымухамедов вице-премьерлерге түркмөндөрдүн “чилик” спорттук оюну гольф менен өтө окшош экенин айтып берди.
Ал муну менен эле чектелип калбай, учурда көптөгөн заманбап спорттук дисциплиналар түркмөн улуттук оюндарынан чыкканын кошумчалады.
2017-жылы октябрда – Түркмөнстанда экономикалык кыйынчылыктар күч алган учурда Ашхабадда салтанаттуу түрдө гольф-клуб ачылган.