Азырынча чабанды куткаруу боюнча тажик коопсуздук күчтөрүнүн атайын операциясы кайсы өлкөнүн аймагында өткөнү белгисиз. Январда Турахон телефон аркылуу туугандары менен байланышып, Ооганстандын аймагында экенин айткан.
Булактын маалыматына караганда, учурда чабан Душанбеге жеткирилип, аны менен коопсуздук органдарынын өкүлдөрү сүйлөшүп жатышат.
42 жаштагы Турахон Нурматов 2015-жылы маңзат аткезчилиги үчүн 17 жылга соттолгон жергиликтүү тургун Саймуддин Курбоновдун үйүндө чабан болуп иштеп жүргөн.
Анын агасы Абдугаффор Курбоновдун айтымында, ооганчылар ага телефон чалып, иниси аларга 40 миң доллар карыз экенин айтышкан. «Алар мага бир нече жолу телефон чалып, инимди акча алганда гана бошото тургандыктарын айтышкан»,- деди Курбонов.
Буга чейин тажик-ооган чек арасында ооганстандык маңзат аткезчилери карыз болуп калган адамдарды өлтүрүп, же алардын үй-бүлө мүчөлөрүн, жумушчуларын уурдап кетип, акча талап кылган учурлар катталган.