Ссылки доступа

Ким Чен Ын Трамп менен жолугушуу үчүн Вьетнамга барды


Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын АКШнын президенти Дональд Трамп менен жолугушуу үчүн Вьетнамга барды. Бул тууралуу Reuters агенттиги жазды.

Маалыматка караганда Ким Чен Ындын поезди Кытай чек арасына жакын жайгашкан Донгданг шаарынын станциясына токтоду. Анда аны Вьетнамдын расмий адамдары тосуп алышты. Түндүк Корея лидери АКШ лидери менен жолугуша турган Ханой шаарына чейин автоунаа менен бара турганы кабарланууда.

Трамп Вашингтондон чыгар алдында Твиттерге «денуклеаризациядан кийин Түндүк Корея бат эле экономикалык өсүштүн генератору болот. Ансыз – мурда кандай болсо, ошондой бойдон калат. Төрага Ким туура чечим кабыл алат», деп жазган.

Эки лидердин экинчи жолугушуусу 27-28-февраль күндөрү өтөт. Анда былтыр 12-июнда Сингапурда өткөн жолугушуудагыдай эле Түндүк Кореяны өзөктүк куралдан арылтуу маселеси талкууланат.

XS
SM
MD
LG