Ссылки доступа

Адвокат Манафортту 10 жылдан ашык эмес мөөнөткө эркинен ажыратууну өтүндү


Пол Манафорт былтыр 14-сентябрдагы сот отурумунда (сот сүрөтчүсүнүн эмгеги)
Пол Манафорт былтыр 14-сентябрдагы сот отурумунда (сот сүрөтчүсүнүн эмгеги)

Адвокат федералдык судьядан Пол Манафортту 10 жылдан ашык эмес мөөнөткө эркинен ажыратууну өтүндү. Манафорт Украинада саясий кеңешчи болуп жүргөндө салык жашырып, банктык мыйзам бузууларга барган деп айыпталууда.

«Анын иши адам өлтүрүүгө, маңзат сатууга, кылмыштуу топторго, каржы пирамидасына байланыштуу эмес. Пол Манафорт ал акчаларды Украинада саясий кеңешчи болуп иштеп жүргөндө иштеп тапкан, бирок бул жөнүндө мамлекетке кабар бербей, акцияларын бийликтен жашырууга аракет кылган. Ал күнөөсүн мойнуна алып, жоопкерчиликти толук өзүнө алган», — деп жазылган адвокаттын судьяга жөнөткөн кайрылуусунда.

Адвокаттын белгилешинче, буга чейин чет өлкөнүн каттоодон өтпөгөн тыңчысы катары иштөөгө же чет өлкөдө тапкан кирешелерин жашырууга айыпталган адамдар узак мөөнөттөргө соттолушкан эмес. Пол Манафорт болсо миллиондогон айыппулдарды төлөп берүүгө макул болуп, чыгымдардын ордун толтурган.

Бул иш боюнча сот 13-мартта өкүм чыгарышы керек.

​Манафортко каршы эки кылмыш иши козголгон. Атайын прокурор Роберт Мюллер тарабынан козголгон иш боюнча сот арачалары аны күнөөлүү деп табышкан. Экинчи иш боюнча ал прокуратура менен сотко чейинки макулдашууларга барууга макул болгон. Роберт Мюллер Пол Манафорт 25 жылга соттолушу керек деп эсептөөдө. Эгер анын бул сунушу колдоо тапса, 69 жаштагы Манафорт абакта өмүрүнүн акырына чейин кармалышы мүмкүн.

XS
SM
MD
LG