Ссылки доступа

Жумуш талап кылган жаңыөзөндүктөр кысымга кабылганын билдиришүүдө


Мангистау облусунун Жаңыөзөн шаарында бийликтен жумуш берүүнү талап кылып, нааразылык акциясына чыккандар күч түзүм кызматкерлери тарабынан кысымга кабылганын билдиришүүдө.

Жашоочулар шаарда аскерлердин саны көбөйгөнүн, акимчиликтин имараты металл тосмолор менен курчала баштаганын айтышууда.

Жаңыөзөн шаарынын жашоочусу Серик Бактыбайулы ондогон кишилер “тамекинин калдыгын жерге таштаганы үчүн” беш суткага административдик камакка алынганын маалымдады. Кийинчерээк ал өзү дагы полицияга чакырылган. Актау шаарынын жарандык активисти Нурияш Абдреимова Фейсбуктагы баракчасы аркылуу Жаңыөзөндөгү жумушсуздарды колдоп пост жазгандан кийин суракка чакырылган, бирок ал барган эмес.

Мангистау облусунун полиция департаменти куугунтуктоолор тууралуу билдирүүлөрдү четке какты. Департаменттин басма сөз катчысы Айгерим Ибатуллаеванын айтымында, эч кимге айыппул салынган эмес.

— Тилкелик полиция кызматкерлери өз аймактарын кыдырып, эмгек жарманкесине чакырууларды таратышкан. Шаарда эч кандай аскердик абал жок, баары туруктуу жана тынч, — деди ал.

Жаңыөзөн шаарынын жашоочулары 9-февралдан бери жергиликтүү бийликтен жумуш талап кылып, митинг өткөрүшүүдө. Алар социалдык түйүндөр аркылуу өлкө президенти Нурсултан Назарбаеге да кайрылышкан.

Жергиликтүү бийлик нааразылыкты басуу үчүн 23-февралда эмгек жарманкесин уюштуруп, бош орундар үчүн үч миңден ашык арыз кабыл алынганын билдирген.

XS
SM
MD
LG