Ссылки доступа

Анжиян: ооруканада газ жарылып, беш окуучу оор жаракат алды


Өзбекстандын Анжиян шаарындагы борбордук поликлиникада 26-февралда эртең менен газ жарылып, беш окуучу оор жаракат алды.

"Азаттыктын" өзбек кызматы күбөлөргө таянып билдиргендей, жарылуу окуучулар рентгенге түшүп жаткан учурда болгон.

Газ имараттын от жаккан бөлмөсүндө жарылганы айтылууда. Аты-жөнүн ачык айткысы келбеген күбө от жаккан бөлмө имараттын артында жайгашканын, ал жакта рентген да орун алганын, шаардагы №4 мектептин окуучулары өпкөсүн текшертип жаткан учурда катуу жарылуу болгонун айтып берген.

Быйыл 28-январда да Өзбекстандын Бекабад шаарындагы мектептин от жаккан бөлмөсүндө газ жарылып, бир киши каза таап, экөө жаракат алган.

XS
SM
MD
LG