Ссылки доступа

Ашхабадда алкоголдук ичимдиктерди сатууга чектөө киргизилүүдө


26-февралда Түркмөнстан борборундагы жеке дүкөндөрдөн алкоголдук продукцияларды алып таштоо боюнча рейд жүргүзүлдү.

“Азаттыктын” түркмөн кызматы кабарлагандай, текшерүү – 2018-жылдын аягында кабыл алынган “Алкоголдун зыяндуу таасирлеринин алдын алуу жөнүндөгү” мыйзамдын негизинде өткөн.

Түркмөнстанда бийлик бир нече жолу алкоголду сатууга таптакыр тыюу салган. Өзгөчө коомдук-саясий маанилүү окуялардын же ден соолук жумалыктарынын алдында текшерүүлөр күч алат.

Жыл сайын апрелде өлкөнүн дээрлик бардык жашоочулары жапырт түрдө спорттук иш чараларга катышат. Мекеме-ишканаларда атайын көнүгүүлөр уюштурулат, алкоголдук ичимдиктер менен чылым сатууга чектөө киргизилет.

XS
SM
MD
LG