Ссылки доступа

Тажикстан: жоочулар чек арага жакын жерде топтолууда


Ооганстандын түндүк провинцияларында алты миңден ашуун чет өлкөлүк жоочулар топтолду, аймак Тажикстандын чек арасына жакын. Бул тууралуу 26-февралда Борбор Азия, Орусия жана Ооганстан өлкөлөрүнүн чек ара башчыларынын жолугушуусунда маалым болду.

Тажикстандын чек ара кызматынын төрагасы Ражабали Рахмонали Ооганстандын Бадахшан, Кундуз жана Тахор провинцияларында террордук топтордун чогулушуна тынчсыздануусун билдирди. Анын айтымында, аталган аймактарда 16 миң 770 жоочу бар, алардын 6 миң 370и – чет өлкөлүк жалданма согушкер. “Алар террордук даярдык үчүн 36 лагерь түздү. Негизинен булар – “Талибан”, “Ансоруллох”, “Түркстан ислам кыймылы” жана “Ислам мамлекети” террордук топтору”, – деди ал.

Тажикстан Коопсуздук кеңешинин катчысы Абдурахим Каххаров жаздын келиши менен террордук топтор жанданарын, мындан улам чөлкөмдөгү өлкөлөр коопсуздук багытында кызматташууну күчөтүшү керек экенин белгиледи.

2018-жылы ноябрда ЖККУ башчысы Валерий Семериков Ооганстандын Тажикстан жана Түркмөнстанга чектеш аймактарында күчтүү экстремисттик топтор түптөлүшү мүмкүн экенин эскерткен.

Ооганстандын Тажикстан менен чек арасынын жалпы узундугу – 1344 чакырым.

XS
SM
MD
LG