Ссылки доступа

Атамбаевдин соту: судья өтүнүчтү четке какты (жыйнак)


ММКлар бул маалыматтарды каалагандай колдоно алышат. Каалоочуларга видеотасмалардын түп нускасын да жиберебиз. Директ топтомунан дагы керек болгон видеолорду пайдалануу мүмкүнчүлүгү берилүүдө.

- Атамбаевдин соту: судья өтүнүчтү четке какты. 26-февралда Бишкектин Октябрь райондук соту саясатчылар Азимбек Бекназаровдун, Ахматбек Келдибековдун жана Кеңешбек Дүйшөбаевдин экс-президент Алмазбек Атамбаевге жана «Апрель» телеканалына каршы доо арызын кароону улантты. Бүгүн тараптар жарыш сөзгө чыгышмак. Бирок «Апрель» телеканалынын адвокаттары «ар-намыска шек келтирген» деген сөзгө лингвистикалык экспертиза жүргүзүүнү соттон өтүнүштү. Доогер тарап ага каршы чыкты. Бир нече убакытка кеңешүү бөлмөсүнө кеткен сот бул өтүнүчтү четке какты. (видео)

- Дүйнө жүзүнө оюн саткан кыргызстандык. Түркияда жашап, эмгектенип жаткан кыргызстандык Бакыт Байдалиев дүйнөдөгү атагы чыккан киностудияларга оюн-зоок атракциондорун сатат. Ал жаңы технологиялардын тилин таап, колдонуучуларга атайын виртуалдык дүйнөдө кызыктуу оюндарды сунат экен. Ошондой эле Бакыт Байдалиевдин симуляторлору ондогон сыйлыктарга ээ болгон. (видео)

- Баткендеги аткезчилик. Баткендиктер Тажикстандан кирген азык-түлүктүн сапаты начар экенин айтып чыгышты. Облус аймагындагы соода жайларда кошуна өлкөдөн алынып келинген эт жана сүт азыктары, өсүмдүк майы сатылат. Жергиликтүү жашоочулардын айрымдары бул товарлардын сапаты көзөмөлгө алынбай жатат деген ойдо. (видео)

- Тажикстан президенти өзүн ТВ аркылуу көрсөтүүгө тыюу салды. ( Настоящее время)

- Сотто утулуп калган хиджапчан кыз күрөштү улантууну чечти. (видео)

- Хивага карай таракандар менен поезддеги саякат. (видео)​

- Кыргызстанда түрк мектебиндеги сексуалдык зомбулук тууралуу билдирүү иликтенүүдө. (Настоящее время)​

- Жумгалда хоккейчилер мелдештерге кантип даярданышат? (Кыргызстандан видео)​

- Эмнеге Халит Мерт кыргызстандыктарга жардам берүүдө? (Кыргызстандан видео)

- Жаңыөзөндө эмне болуп жатат? (видео)

- 1944-жылы Кавказдан Казакстанга депортацияланган чечендер менен ингуштардын жашоосу. (Настоящее время)

- Казакстандын эң кымбат футболчулары кимдер? Казакстандын эң кымбат футболчусу 2,5 миллион еврого жетти. Дүйнөнүн эң кымбат футболчусу 200 миллион евро турат. Алар кимдер? (Инфографика)

- Тажикстанда эмне себептен китеп окушпайт? (Настоящее время)​

- Венесуэла-Колумбия чек арасындагы кагылышууда каза болгондор жана жаракат алгандар бар. (Настоящее время)​

- «Алар дагы Душанбеде жашоону каалашат». Жолбун иттерге жасалган катаал мамиледен улам активисттер аларды коргоо боюнча долбоор башташты. (видео )​

- Ала-Тоонун тобу жеңил. Турсунали Рустамов 1990-жылы, Тажикстандын Худжанд облусунун Пролетарский районунда туулган. 1993-жылы ата-энеси менен Бишкектеги Кара-Балта шаарына көчүп келишкен. Үй-бүлөлүү, үч баланын атасы. Учурда Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын жарым коргоочусу. (видео)

- Алматынын четиндеги дарыгерлери жана бейтапканасы жок айыл.(Казакстандан видео)

- Александр Крестинин баш менен иштөө жана футболчулардын өзүмчүлдүгү жөнүндө айтып берди. (Кыргызстандан видео)​

- Песковдун кызы Европарламентте иштеп, тажрыйба топтоп жүргөнү белгилүү болду. (Настоящее время)​

- Казынадан «качкан» 6 миллиард. Кыргызстанда 2018-жылы республикалык бюджетке 6 миллиард 633 миллион сомдон ашык каражат түшпөй калды. Кирешесинен чыгашасы көп бюджетке эмне себептен мынча каражат түшпөй калды? (Кыргызстандан видео)

- Экинчи турдун фавориттери. Социологдор Украинадагы президенттик шайлоодо кимдерди негизги талапкер деп атап жатышат? (Настоящее время)​

- Балдар үйү. Азербайжан президентинин үй-бүлөсү кантип Подмосковьеде жайланышып калгандыгы тууралуу иликтөө. (видео Директ)

- Ак-Талаанын бозосу суукта үшүтпөйт. Нарын облусунун Ак-Талаа районунда азыр бозонун сезону. Кыштын кыраан чилдесинде айылдыктарды сөөктөн өткөн сууктан мына ушул бозо сактап, ток алып жүрөт. Аймакта “Ак талаанын бозосу” деп бренд болуп калган суусундукту жасоонун салттуу ыкмасы бузулбай, муундан муунга өтүп келет. (Кыргызстандан видео)

- Кара-Мурза: «Немцовду өлтүрүүгө буйуртма берген адамды эч ким издеген жок».(видео Директ)

- Виктор Ющенконун интервьюсу. (видео Директ)

УРМАТТУУ КЕСИПТЕШТЕР! ТЕЛЕЖАҢЫЛЫК, КӨРСӨТҮҮ, САЙТ ҮЧҮН КӨЧҮРҮҮГӨ МҮМКҮН БОЛГОН, ЖЕТКИЛИКТҮҮ МИҢДЕГЕН АУДИО- ВИДЕОМАТЕРИАЛДАР МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗДАР. АЙРЫМДАРЫНЫН ЛОГОТИБИ ЖОК.

XS
SM
MD
LG