Ссылки доступа

ЖЭБ иши боюнча отурум жабык өтүүдө


Свердлов райондук сотунда Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоодогу коррупция иши боюнча баштапкы соттук угуу жабык өтүп жатат.

18-февралда болгон соттук жараянда соттолуучулардын жактоочулары алардын бөгөт чарасын өзгөртүп, үй камагына чыгарууну өтүнүшкөн. Бирок сот аны канааттандырган эмес.

Кыргызстан социал-демократиялык партиясы (КСДП) мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун адвокаты Замир Жоошевдин билдирүүсүн таратты. Анда ЖЭБди модернизациялоо боюнча иш ачык каралышы керектиги белгиленген.

Аталган ишти Башкы прокуратура айыптоо корутундусун бекитип, 13-февралда сотко өткөрүп берген. Анда мурунку өкмөт башчы Сапар Исаковдон башка жети кишиге: мурдагы премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевге, мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаевге, «Улуттук энергохолдинг» компаниясынын мурдагы төрагасы Айбек Калиевге, анын ошол кездеги орун басары Жолдошбек Назаровго, «Электр станциялары» ишканасынын мурдагы жетекчиси Салайдин Авазовго, ЖЭБди модернизациялоо долбоорунун мурдагы аткаруучу директору Темирлан Бримкуловго жана мурдагы финансы министри Ольга Лавровага айып коюлган.

XS
SM
MD
LG