Ссылки доступа

Конгресс өзгөчө абал киргизүү тууралуу Трамптын жарлыгын жокко чыгарууга ниеттенүүдө


АКШнын президенти Дональд Трамп
АКШнын президенти Дональд Трамп

АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасы Мексика менен чектешкен аймактарга өзгөчө абал киргизүү тууралуу президент Дональд Трамптын жарлыгын жокко чыгарууга багытталган резолюция кабыл алды.

Жарлыкка Трамп Мексика менен чек арага дубал курууга Конгресс сунуштаган суммадан кыйла көбүрөөк акча алуу мүмкүндүгүнө ээ болуу үчүн 15-февралда кол койгон.

Мыйзам чыгаруучулардын көбү, анын ичинде республикачылар дагы президент өзгөчө абал жарыялоо укугун кыянаттык менен пайдаланып, Конституция боюнча мамлекеттик чыгымдарды көзөмөлдөшү керек болгон Конгресстин артыкчылыктуу укугун бузуп жатат деп эсептешүүдө.

Демократтар басымдуулук кылган Өкүлдөр Палатасындагы добуш берүүдө 245 мыйзам чыгаруучунун 182си резолюцияны колдоду. Алардын арасында 13 республикачы дагы бар.

Сенат Конгресстин төмөнкү палатасынын бул сунушу боюнча 18 күндүн ичинде чечим кабыл алышы керек. Эгер Конгресстин жогорку палатасындагы демократтардын бардыгы резолюцияны колдоп добуш берсе, сунушту өткөрүү үчүн алрга дагы төрт республикачынын добушу керек болуп калат. Азырынча республикачы-сенаторлордун төртөөсү бул демилгени колдой тургандыктарын билдиришти.

АКШда мамлекет башчынын өзгөчө абал жарыялоо боюнча ыйгарым укуктары тууралуу мыйзам 1976-жылы кабыл алынган. Андан бери президент бул укугу менен бир нече жолу пайдаланганы менен Конгресстин бир дагы палатасы аны жокко чыгара алган эмес. Учурда демократтар өлкөнүн түштүк чек арасындагы каатчылык президент Трамптын фантазиясынын жемиши экенин айтып жатышат.

XS
SM
MD
LG