Ссылки доступа

АКШ: Бакиевдер чыгарып кеткен активдер Кыргызстанга кайтарылды


АКШнын Юстиция министрлиги мурдагы президент Курманбек Бакиев жана анын уулу Максим Бакиев чыгарып кеткен 4,5 млн. долларга жакын каражатты Кыргызстанга кайтарганын жарыялады. Маалыматка караганда, каражат Кыргызстандын Финансы министрлигинин эсебине которулду.

Мекеменин расмий сайтындагы кабарга караганда, каражаттардын изи Бакиевдердин жеке банкири, өнөктөшү аталган Евгений Гуревичтин кылмыш ишин иликтөөдө табылып, 6 миллион доллар конфискацияланган. Анын 4,5 миллион долларга жакыны кайтарыла турган болгон.

АКШнын Юстиция министрлигинин маалыматында «Кыргыз өкмөтү бул акчаны аймактык ооруканаларга медициналык жабдыктарды сатып алууга, айылдыктарды таза суу менен камсыздоо долбоорлоруна, антикоррупциялык программаларга жумшай турганын ырастады» деп айтылат.

АКШ менен Кыргызстан мурунку президент Курманбек Бакиевдин тушунда чыгарылып кеткен активдерди кайтаруу тууралуу эки тараптуу билдирүүгө 25-февралда Бишкекте кол коюшкан. Калган каражатты кайтаруу үчүн кошумча аракеттер пландаштырылып жатканы маалымдалган.

XS
SM
MD
LG