"Акыркы төрт жылда университеттин жетекчилиги ырааттуу түрдө кысым көрсөтүп, жоолугумду чечүүнү талап кылып жатты», – деди Малика Сангинова.
Өткөн айда ага “өз каалооң менен иштен кетүүгө арыз жазасың, болбосо студенттерге орой мамиле кылганың үчүн атайын берене менен бошотуласың” деген талап коюшкан. Сангинова 8 жыл университеттин китепканасында иштеген. Ал арыз жазуудан баш тарткан.
Бирок университеттин юристи мурдагы китепканачы жоолук жана социалдык түйүндөрдөгү диний билдирүүлөрү үчүн эмес, “ички тартипти бузганы үчүн” бошотулганын билдирди.
Сот Малика Сангинова менен университет жетекчилигин тынчтык келишимин түзүүгө чакырды, бирок тараптар буга макул болгон жок. Кийинки отурум бир жумадан кийин болот.