Ссылки доступа

Өзбекстандын Юстиция министрлигиндеги жогорку кызмат адамы кармалганы кабарланууда


23-февралда Өзбекстандын Юстиция министрлигинин Кадрлар башкармалыгынын жетекчи орун басары Юсуф Хажаев кармалды. Бул тууралуу өлкөнүн укук коргоо органдарындагы бир нече булак билдирди.

Өзбек Башкы прокуратурасындагы булактын маалыматына караганда, 58 жаштагы Хажаев Улуттук коопсуздук кызматынын (УКК) жетекчилерине каршы козголгон кылмыш ишинин алкагында сурак берүүдө. Башка бир булактын айтымында, ал «пара берген жана алган» деп шектелүүдө.

Ташкенттик адвокаттардын бири Хажаевдин туугандары ага жактоочу издей башташканын билдирди.

Буга чейин өлкөнүн Коопсуздук кызматы менен Башкы прокуратурасынын ондогон жетекчилик кызматтагы өкүлдөрү камалганы кабарланган.

Февралдын ортосунда Өзбекстан атайын кызматынын мурдагы башчысы Ихтиёр Абдуллаевге карата бир айга камакка алуу бөгөт чарасы белгиленип, ал УККнын тергөө абагында сурак берип жатканы белгилүү болгон.

XS
SM
MD
LG