Ссылки доступа

Тажикстанда сырттан келген жер-жемиштин баасы жогорулады (видео)


Тажикстанда аба ырайына жана товар жеткирилген негизги жолдордун жабылганына байланыштуу сырттан алынып келинген жашылча-жемиштердин баасы кымбаттады.

Ишкерлер базарга жергиликтүү дыйкандар тарабынан күнөсканаларда өстүрүлгөн жашылчалар келе электигин билдирип жатышат. «Жылда бул маалда жергиликтүү дыйкандардын жер-жемиштери көп келип, импорттук товарларды сүрүп чыгарып койчу. Алгач Вахш аймагынан келчү. Быйыл болсо андагы дыйкандар күнөсканаларда өсүмдүк илдети болуп, алгачкы түшүм эки жумадан кийин гана келерин айтып жатышат», - деди Душанбе базарында жер-жемиш саткан соодагер Райхон Бурхонова.

Анын айтымында, учурда Самарканддан келген бир килограмм помидордун баасы 25, Кытайдыкы 23 жана Кыргызстандыкы 20 сомониден сатылууда. Ошол эле маалда жергиликтүү помидордун баасы 18 сомони (2 долларга жакын).

На таджикских рынках подорожала импортная овощная продукция
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:02:35 0:00

Ал ортодо өлкөнүн Айыл чарба министрлиги былтыр дыйкандар 70 гектар аянттагы күнөсканаларга жер-жемиш өстүргөнүн билдирүүдө. Мекеменин маалыматына караганда, буга чейинки жылдарга салыштырмалуу былтыр күнөскана азыктарынын көлөмү 200 тоннага көбөйүп, дыйкандар 1113 тонна помидор, 292 тонна бадыраң жана 214 тонна башка жемиштердин түшүмүн алышкан.

XS
SM
MD
LG