Ссылки доступа

Австриядагы «кызытмага каршы рейд» маалында казак спортчусу кармалды


Австрия менен Германия полициясынын биргелешкен аракетинин жыйынтыгында «бир нече жылдан бери спортчуларды допинг менен камсыз кылып келген» топ колго түштү. Бул тууралуу 27-февралда Австриянын кылмыш полициясы билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, бул иш менен «спорттук медиктердин бирине» байланышкан атайын топ алектенип келген. «Аталган топтун эки мүчөсү, ошондой эле бир казакстандык, эки австриялык жана эки эстониялык спортчу Австриянын Зеефельд шаарында кармалышты. Ушул күндөрү ал жерде спорттун лыжа түрлөрү боюнча дүйнө биринчилиги өтүп жатат. Мындан тышкары топтун башында турат делген спорттук медик менен анын болжолдуу шериктери Германиянын Эрфурт шаарында колго түштү», — деп жазылган мекеменин билдирүүсүндө.

Шаршемби күнү жергиликтүү маалымат агенттиктери лыжа жарышы боюнча Казакстан курамасынын лидери Алексей Полторанин «антидопинг эрежелерин бузгандыгы үчүн» кармалганын жазышкан. Казакстандын лыжа жарышы боюнча улуттук федерациясынын басма сөз катчысы Самал Наурызова казак командасынын штабындагылар бул окуяга абдан таң калып жатышканын билдирди. Анын айтымында, Полторанин 27-февралда мелдештерге катышуусу керек болчу.

«Эгер анын чынында эле кызытма колдонгону аныкталса, анда федерация атайын билдирүү менен чыгат. Биз тыюу салынган заттарды колдонуу жана адилетсиз күрөш жүргүзүү аракеттерине караманча каршыбыз. Бирок Полтораниндин антидопинг эрежелерин бузгандыгы далилденип, федерация WADA, МОК, FIS сыяктуу эл аралык уюмдардан расмий билдирүү алмайынча, спортчубузду коргойбуз», — деди Наурызова.

XS
SM
MD
LG