Сот Атамбаевди саясатчылардын ар бирине 100 миң сомдон төлөп берүүгө, «Апрель» телеканалын доогерлерге эфирдик убакыт берүүгө милдеттендирди.
Парламенттин мурдагы спикери Акматбек Келдибеков, Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү Азимбек Бекназаров жана Кеңешбек Дүйшөбаев экс-президент Алмазбек Атамбаев менен «Апрель» телеканалын былтыр жыл аягында сотко беришкен. Алар «экс-президент телеканалдагы маегинде ар-намысыбызга шек келтирди» деп, жалпысынан 18 млн. сом өндүрүп берүүнү өтүнүшкөн.