Ссылки доступа

Хожент түрмөсүндөгү тополоңду уюштургандардын бири аныкталганы айтылууда


Амирали Давлатов
Амирали Давлатов

Хожент шаарындагы №3 колонияда чыккан тополоң боюнча сот жараяны башталар алдында башаламандыкты уюштуруучулардын бири аныкталды.

Тергөөнүн маалыматы боюнча терроризм үчүн соттолгон Куляб шаарынын жашоочусу Амирали Давлатов топтолоң уюштуруу үчүн төрт ай даярдык көргөн.

Абактагы тополоңду басуу учурунда, расмий маалымат боюнча 21 соттолуучу өлгөн. Эки түрмө кызматкери курман болуп, дагы бешөө жаракат алган.

Амирали Давлатов өлкөдө белгилүү “Маханов бандаларынын” мүчөсү болгон. Тажикстандын Жогорку соту 2014-жылы аны терроризм айыбы менен 19 жылга түрмөгө кескен. Топтун башчысы Алимурод Маханов 21 жылга эркинен ажыратылган.

Согди облустук прокуратурасындагы өз булак билдиргендей, Амирали Давлатов тополоңдун уюштуруучуларынын бири болсо дагы өзү козголоңго катышкан эмес. “Ал күнү ага аялы келген жана Давлатов камерада болгон эмес. Уюштуруучулардын планы боюнча Амирали Давлатов соттолуучулардын аялдарын барымтага алмак, бирок күтүүсүздөн жарык өчүп калып, ал оюн ишке ашыра албай калган”, – деди өз булак.

​Амирали Давлатовдун апасы Тошби Ашурмадова уулу жаңы кылмыштар үчүн айыпталып жатканын билет. Бирок ал тополоңду уюштуруучулардын бири болгон деген маалыматтарга ишенбейт.

Өткөн аптада тополоңго катышы бар делген 30дан ашуун кишинин иши Тажикстандын Жогорку сотуна жөнөтүлгөнү кабарланган. Аларга “Киши өлтүрүү”, “Денеге оор залал келтирүү”, “Бийлик өкүлдөрүнө каршылык көрсөтүү” жана “Түзөтүү абагындагы режимди бузуу” деген айыптар тагылууда.

Жергиликтүү маалымат каражаттары өз булактарына таянуу менен Хожент колониясындагы тополоңдо 53 киши өлүп, 186сы жаракат алганын билдиришкен. Козголоң үчүн "Ислам мамлекети" экстремисттик тобу жоопкерчилик алган.

XS
SM
MD
LG