Ташкентте өткөн америка-өзбек саясий кеңешмесинин жүрүшүндө Элис Уэллс 2016-жылы Вашингтон Ташкентке 10,1 миллион доллар бөлгөнүн айтты. 2018-жылы бул сумма 28,1 миллион долларды түзгөн.
Элис Уэллс АКШ Өзбекстандагы реформаларды колдой турганын белгиледи.
Америкалык чиновник Ташкентке 26-февралда америка-өзбек саясий кеңешмесине катышуу үчүн келген. Ушул эле күнү Элис Уэллс Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев менен жолуккан.