Ссылки доступа

Өзбекстанда кафесинин түрттүрүлгөнүнө нааразы болгон ишкер өзүнө өрт койду


Өзбекстандын Термез районунда кафеси түрттүрүлгөнүнө нааразы болгон ишкер райондук акимчилик алдында өзүнө өрт койду. Бул учур тартылган видеону mover.uz сайты жарыялады.

Маалыматка караганда, 27-февралда ишкер Бахтияр Элтонов бийлик анын насыя алып ачкан кафесин түрттүрүп салганын айтып, өзүнө өрт койгон. Анын алдында ишкер бир нече ай бою райондук акимчиликке кайрылып, аткаминерлерге жолуга албай койгонун билдирген.

Район акимчилигинин кызматкери Элтоновдун эч кандай кафеси болбогонун жана өзүнө өрт койгонго чейин аларга кайрылбаганын билдирди.

– Анын насыясы болгон-болбогону бизге белгисиз. Буга чейин бизге кайрылган эмес. Кайрылган болсо жарандардын кайрылуулары катталган китепчеге жазылмак. Ал акимчиликке келип эле шантаж кыла баштады. Курткасына бензин чачып өрт койду, андан кийин анысын чечип салды», — деди акимчилик өкүлү.

Бирок райондун Капиталдык курулуш башкармалыгынын кызматкери ишкер Элтоновдун кафеси мыйзамсыз курулгандыктан улам түрттүрүлгөнүн билдирди.

– Ал жолдун жээгине чатыр тигип, анда кафе ачкан. Анысы мыйзамсыз тургузулгандыктан түрттүргөнбүз», — деди ал.

Күбөлөрдүн айтымдарында, ишкер өзүнө өрт койгондон кийин тез жардам кызматы чакырылып, ал райондук ооруканага жеткирилген. Дарыгерлер анын денесинин 20% күйүп калганын билдиришти. Учурда ишкердин өмүрүнө эч кандай коркунуч жок.

Райондук ички иштер башкармалыгынан бул факты боюнча тергөө иштери башталганын билдиришти.

XS
SM
MD
LG