Ссылки доступа

БУУнун Коопсуздук кеңеши Венесуэла боюнча резолюцияны кабыл алган жок


БУУнун Коопсуздук кеңешинин имараты
БУУнун Коопсуздук кеңешинин имараты

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Коопсуздук кеңеши бейшембиде Венесуэла боюнча резолюцияны кабыл алган жок. Өлкөдө «эркин жана адилеттүү» президенттик шайлоо өткөрүүгө чакырган АКШнын резолюция долбооруна Орусия менен Кытай вето койду.

Документте шайлоого чет өлкөлүк байкоочуларды катыштыруу жана экономикалык каатчылыкты башынан кечирип жаткан Венесуэлага гуманитардык жардамдарды киргизүүгө уруксат берүү чакырыктары жазылган.

Ошол эле маалда Орусия сунуштаган резолюция долбоорун Коопсуздук кеңештин 15 мүчөсүнүн төртөө гана колдоду. Анда Венесуэладагы каатчылыкты анын жашоочулары өзүлөрү гана чечиши керектиги белгиленген.

Өткөн ишембиде Венесуэланын президенти Николас Мадуронун тарапташтары өлкөгө гумантардык жардам киргизүүгө аракет кылган адамдарга карата ок чыгарып, чек арачылар көздөн жаш агызчу газ, желим ок колдонушкан.

Январда венесуэла оппозициясынын лидери Хуан Гуайдо өзүн утурумдук президент деп жарыялап, көз карандысыз шайлоо өткөрүүнү талап кылган. Гуайдону АКШ, Латын Америка менен Европа биримдигинин көпчүлүк өлкөлөрү колдогон. Учурдагы президент Николас Мадуронун легитимдүүлүгүн Орусия, Кытай, Куба жана Мексика тааныды. Москва Вашингтонду Венесуэлада бийликти күч менен кулатууга аракет кылып жатат деп айыптап келет.

XS
SM
MD
LG