Ссылки доступа

Мирзиёев Намангандагы сапарында кортежин токтотуп, эл менен жолукту


Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Наманган облусуна жасаган сапарынын жүрүшүндө күтүүсүздөн кортежин токтотуп, Туракурган шаарынын тургундары менен сүйлөштү. Бул тууралуу анын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, президент намангандыктарга облустагы ар бир районго инвестиция тартуу боюнча масштабдуу долбоорлор, жаңы ишканалар менен мектептерди куруу жана жумуш орундарын түзүү багытында аткарлып жаткан иштер жөнүндө айтып берди.

Социалдык түйүндөрдө шаардын тургундары президенттин кортежин дуулдап тосуп алып жатышканы тартылган видеолор жарыяланды.

«Адамдар президенттин келишине кубанычтарын билдирип, реформалардын жыйынтыктары ар бир тармакта сезилип жатканын белгилешти. Жалпы өлкөдөгү, анын ичинде Наманган облусундагы өзгөрүүлөр үчүн мамлекет башчыга ыраазычылык билдиришти», — деп жазылган президенттин басма сөз кызматынын билдирүүсүндө.

Шавкат Мирзиёев 2017-жылы дагы Наманган облусундагы Туракурган районунун жашоочулары менен ушундай күтүүсүз жолугушуу өткөргөн.

XS
SM
MD
LG