Ссылки доступа

Өмүрбек Текебаевдин иши Жогорку сотто кайрадан каралат


Бул тууралуу “Ата Мекен” фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов “Азаттыкка” билдирди:

- Жогорку сот Өмүрбек Текебаевдин ишин жаңы жагдайлар боюнча кайра кароо чечимин кабыл алды. Сот жараяны 23-апрелге дайындалды. Сот калыс, ачык-айкын, адилет караса, Өмүрбек Текебаев акталат, - деди Шыкмаматов.

"Ата Мекен" партиясынын абактагы төрагасы Өмүрбек Текебаев менен мурдагы элчи Дүйшөнкул Чотоновдун кылмыш ишин жаңы ачылган жагдайлардын негизинде кайра кароо үчүн "Адилет" укук клиникасы 15-февралда Жогорку сотко өтүнүч келтирген.

«Ата Мекен» партиясынын төрагасы, Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы жана парламенттин төрт жолку чакырылышынын депутаты Өмүрбек Текебаев менен анын партиялашы Дүйшөнкул Чотонов 2017-жылы орусиялык жаран Леонид Маевскийдин 1 миллион доллар пара алган деген көрсөтмөсүнүн негизинде «Коррупция» беренеси менен айыпталып, сегиз жылга соттолгон. Алардын адвокаттары 2018-жылы ишти жаңы ачылган жагдайлардын негизинде кайра кароо тууралуу өтүнүч жиберип, бирок Башкы прокуратура аны аткаруудан баш тарткан.

XS
SM
MD
LG