Ссылки доступа

Сирияда ИМ тобунун көзөмөлүндөгү акыркы аймакты бошотуу операциясы башталды


3-мартта АКШ колдогон күрт кошуундары «Ислам мамлекети» (ИМ) тобунун Сириядагы акыркы таянычы эсептелген Багхуз айылы үчүн чечүүчү кармашын башташты.

«Сириянын демократиялык күчтөрү» деп аталган араб-күрт альянсынын өкүлдөрү алар топ-топ болуп, акырындык менен Багхуз айылына жакындап баратышканын билдиришти. Алардын айтымдарында, жоочулар аталган аймакка бара турган жолдорго жана алардын жээктерине көптөгөн миналарды коюшкан.

Багхузда калган согушкерлердин көбүн жалданма чет өлкөлүктөр түзөт жана алар «Сириянын демократиялык күчтөрүнө» карата күтүүсүз соккуларды жасап келишет.

Буга чейин ИМдин акыркы таянычына чабуул жасоого даярдык көрүү иштерине АКШ, Франция жана Улуу Британия өлкөлөрүнүн күчтөрү жардам берип жатканы кабарланган. Анда чабуул аймактагы жай тургандар толук чыгарылгандан кийин башталары айтылган.

​Айрым ЖМКлардын маалыматына караганда, согушкерлер көпкө туруштук бере албайт, анткени жакында алардын көбү жай тургун катары аймактан чыгып кетүүгө аракет кылышкан. Мындан тышкары алар туткундардын бир бөлүгүн азык-түлүккө алмашууга макул болушкан. Ошондой эле жоочуларда ок-дары дагы аз калды деп болжолдонууда.

Күн мурун АКШнын президенти Дональд Трамп «Ислам мамлекети» буга чейин көзөмөлдөп турган Сириядагы аймагынын дээрлик 100% жоготконун билдирген.

XS
SM
MD
LG