Ссылки доступа

Sunday Times: Ханойдогу саммитте Трамп Кимден жашыруун заводду жабууну талап кылган


АКШнын президенти Дональд Трамп менен Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын Ханойдогу жолугушуусунун натыйжасыз аякташына Пхеньяндын уранды байытуу боюнча жашыруун заводду жабуудан баш тарткандыгы себеп болгон. Бул тууралуу Sunday Times британ гезити жазды.

Басылманын маалыматына караганда, Ханойдогу саммитте АКШнын делегациясы аларда Пхеньяндан алыс эмес жерде жайгашкан «Кангсон» аттуу объект тууралуу маалымат бар экенин айтып, аны жабууну талап кылган. Бирок Түндүк Кореянын өкүлдөрү баш тартышкан. Мындан улам сүйлөшүүлөр мөөнөтүнөн мурда аяктап, эч кандай документке кол коюлган эмес.

Дональд Трамп сүйлөшүүлөрдөн кийин Ким Чен Ын өзөктүк куралдан баш тартууга даяр экенин айтып, бирок бул үчүн өлкөгө киргизилген бардык санкциялардын алынышын талап кылганын билдирген. Өз кезегинде Түндүк Кореянын өкүлдөрү жолугушууда бардык санкциялар жөнүндө эмес, калктын кеңири катмарына таасир эткендери тууралуу гана сөз болгонун билдирген.

Ошол эле маалда АКШнын жетекчилиги сүйлөшүүлөрдү улантууга даяр экенин айтып жатышат. Жекшемби күнү АКШ менен Түштүк Корея Түндүк Корея менен сүйлөшүүлөрдү калыбына келтирүүгө шарттарды түзүү үчүн жыл сайын өткөрүлүп келген биргелешкен аскердик машыгуулар быйыл болбой турганын билдиришти.

XS
SM
MD
LG