Ссылки доступа

Тибет: айына 750 миң доллар киреше тапкан айылдыктар (жыйнак)


ММКлар бул маалыматтарды каалагандай колдоно алышат. Каалоочуларга видеотасмалардын түп нускасын да жиберебиз. Директ топтомунан дагы керек болгон видеолорду пайдалануу мүмкүнчүлүгү берилүүдө.

- Кызыл-Омпол кениндеги нааразычылык. Тоң районунун Көк-Мойнок айыл аймагындагы Кызыл-Омпол уран кенин иштетүү маселесинде жергиликтүү тургундар бир пикирге келише элек. Бир катар жергиликтүү тургундар “экологияга чоң зыян келет” деп каршы болсо, айрымдары иштеп кетсе элеттиктер үчүн иш орундары түзүлүп, жергиликтүү казынага каражат түшүп, турмуш оңолот деген үмүттө. Азыр кенде чалгындоо иштери менен алек болуп жаткан “Юразия в Кыргызстане” ЖЧК эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. (видео)

- Улакчы Белектин ата кыялы. Улакчы Белек Мукаев төрт жылдан бери Оштун "Достук" командасында көкбөрү ойнойт. Кабарчыбыз бала кезинен атка жакын улакчынын үйүнө барып келди. (видео)

- «Авариялык абалдагы үлгүлүү үйлөрдө жашоого мажбурбуз». (видео)

- Тажикстанда аялдар эмне үчүн иш таба алышпайт. (видео Директ)

- Крымды аннексиялоодогу курмандыктары: өлтүрүлгөндөр менен уурдалгандар – беш жылдан кийин.(видео)

- Көк-Жайлау тоо лыжа курортун өнүктүрүүнүн айланасындагы талаштар.Алматыга жакын жайгашкан Көк-Жайлау тоо лыжа курорту долбоорунун айланасындагы талаш-тартыш 16 жылдан бери уланып келет. Долбоордун каршылаштары Көк-Жайлауга эч нерсе курбаш керектигин белгилеп, бул андагы уникалдуу экосистемага чоң зыян келтире турганын билдиришүүдө. (Казакстандан видео)​

- Тогуз миллионго курулган жылуу аялдама иштебей турат. Петропавловск шаарындагы жылуу аялдама менен автобус кыймылынын графиги көрсөтүлгөн такта иштебей турат. Шаарда коомдук транспорттун смарт-аялдамалары төрт жыл мурда пайда болгон. (Казакстандан видео)​

- Жоробаев: Эң башкысы акча эмес, кесипти сүйүү маанилүү. Рустам Жоробаев дээрлик 20 жылдан бери бут кийим оңдойт. Бул аралыкта ал 30га жакын шакирт даярдап чыгарган. (видео Директ)​

- Казакстандын мурдагы борбору, Алматы бүгүнкү күндө кандай? (видео)​

- Бир түтүккө күнү түшкөн Жалгыз-Терек. Нарын районунун Жалгыз-Терек айылында жашаган миңден ашык киши мал-жаны менен кошо бир түтүктөн суу ичет. Ал дагы күнүнө болгону төрт гана саат чыгат. Бул аралыкта алар малын сугарып, үйүнө да ташыганга жетишип калышы керек. (видео Директ)

- Тажикстан базарларында чет өлкөлөрдөн алынып келинген жашылча-жемиш кымбаттады. (Тажикстандан видео)​

- Индия менен Пакистандын ортосундагы жаңжалдын курчуп кетүү ыктымалдыгы канчалык жогору? (Настоящее время)

- Тибет: айына 750 миң доллар тапкан айылдыктар. (Настоящее время)​

- Дагестандык мушкер Хабиб Нурмагомедовго жакпай калган спектаклдин артисттери коркутууларга дуушар болушууда. (Настоящее время)​

- «НАТО дайыма жаныңарда» АКШнын Евробиримдиктеги элчиси Украинага жасаган сапары тууралуу айтты. (Настоящее время)

- Кыргызстандыктын Москвадагы алма бизнеси. (видео Директ)​

- Гиссардан Душанбеге чейин желим кайык менен барган тургундар.(Тажикстандан видео)

- Көкбөрү эрежелери. Кыргызстан тайказандан баш тартабы? (Кыргызстандан видео)

- Казакстандын эң кымбат футболчулары кимдер? Казакстандын эң кымбат футболчусу 2,5 миллион еврого жетти. Дүйнөнүн эң кымбат футболчусу 200 миллион евро турат. Алар кимдер? (Инфографика)

- «Саммит символикалык компромисске да алып келген жок». Кунмин университетинин профессору Ким менен Трамптын жолугушуусу тууралуу. (Настоящее время)

УРМАТТУУ КЕСИПТЕШТЕР! ТЕЛЕЖАҢЫЛЫК, КӨРСӨТҮҮ, САЙТ ҮЧҮН КӨЧҮРҮҮГӨ МҮМКҮН БОЛГОН, ЖЕТКИЛИКТҮҮ МИҢДЕГЕН АУДИО- ВИДЕОМАТЕРИАЛДАР МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗДАР. АЙРЫМДАРЫНЫН ЛОГОТИБИ ЖОК.

XS
SM
MD
LG