Ссылки доступа

Алматыда акимчиликке келген аялдар Назарбаевдин отставкасын талап кылышты (видео)


4-мартта Алматыдагы Наурызбай районунун акимчилигине келген ондогон аялдар бийликке ишенбөөчүлүк көрсөтүп, Нурсултан Назарбаевди бийликтен кетүүгө чакырышты.

Көп балалуу, жалгыз бой аялдар турак-жай жана туруктуу каттоого туруу көйгөйлөрү тууралуу айтышып, өкмөттүн программалары иштебей жатканына наарызы болушту. Аялдар Назарбаевдин отставкасын талап кылышты. Алар: “Назарбаев кетсин!”, “Президент ордун бошотсун!”, “Ал шайлоого катышпасын!”, “Биз Назарбаевдин шайлоого катышуусуна каршыбыз!” деп кыйкырып турушту.

Түштөн кийин чогула баштаган аялдарга полиция көз салып турду. Акимчиликке келген “Азаттыктын” казак кызматынын кабарчыларын район акиминин орун басары менен полициячылар жыйналышка катыштырбай, залдан күч менен чыгарышты.

Өкмөттүн жеңилдиктер жөнүндө программасын түшүндүрүү боюнча өткөн жыйындан кийин аялдардын бири энелердин сөзү “жерде калганын” билдирди: “Администрацияга үч жылдан бери келем. Алгылыктуу жардам жок. Батирде ижара акы төлөп турам”, – деди Лаура Баймолданова.

Казакстанда көп балалуу энелер февралдан бери баш калаа Астанада жана өлкөнүн бир нече аймактарында нааразылык акцияларын уюштурушту. Алар жөлөкпулду көбөйтүүнү, көп балалуу үй-бүлөлөрдү турак жай менен камсыз кылууну жана башка бир катар көйгөйлөрдү чечип берүүнү талап кылышкан.

Бул нааразылык акциялары 4-февралга караган түнү Астанада жер үйдөн чыккан өрттөн ата-энеси жумушта болгон учурда беш бир тууган кыз каза тапкандан кийин башталган.

Бул окуяларды улай казак президенти Нурсултан Назарбаев 21-февралда Бакытжан Сагинтаев башкарган өкмөттү «экономиканын өнүгүшүн камсыз кыла алган жок, министрлер эл менен иштей албайт» деген сын менен кызматтан кетирген.

XS
SM
MD
LG