Ссылки доступа

Өзбекстанда окуучусун сабаган мугалим 2,8 жылга соттолду


Өзбекстандын Багат районунда окуучусун эс-учун жоготкончо сабаган спорт мектебинин мугалими Жуманазар Рузметов эки жыл сегиз айга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу райондук соттун катчылыгынан билдиришти.

5-класстын окуучусу Бобоназар Худойназаров былтыр 20-сентябрда сабалган. Туугандарынын айтымында, ал комага түшүп, үч айдан кийин гана эсине келген. Учурда 11 жаштагы окуучу үйүндө дарылануусун улантып жатат.

Мугалимге каршы козголгон кылмыш ишинин алкагындагы текшерүүлөрдүн жүрүшүндө аталган спорт мектебинин окуучулары системалуу түрдө сабалып келгени аныкталган. Багат районунун прокурору Алишер Рузметов спорт мектебинин окуучулары менен жолукканда, алардын бардыгы тең мугалимдер кол көтөргөнүн айтышкан.

XS
SM
MD
LG