Ссылки доступа

Душанбе Эл аралык валюта фондунан $220 млн алууга үмүттөнүүдө


Эл аралык валюта фондунун (ЭВФ) өкүлдөрү күн мурун Тажикстанга келишти. Душанбеде делегация мүчөлөрү Тажикстанга колдоо көрсөтүү боюнча жаңы программаны талкуулайт.

Бул программанын алкагында тажик өкмөтү экономиканы колдоо максатында 220 миллион доллар өлчөмүндө насыя алууга ниеттенүүдө.

Буга чейин Тажикстан Улуттук банкынын башчысы Жамшед Нурмухаммадзода былтыр Эл аралык валюта фондунун миссиясы каржылай колдоо көрсөтүү үчүн жыйырмадай шарт койгонун билдирген. “Бул шарттар банк мыйзамдарын жана экономиканын башка секторлорун реформалоого тиешелүү болгон жана алар толугу менен аткарылды” деген ал. Жамшед Нурмухаммадзода 220 миллион доллар өлчөмүндөгү насыяны бюджетти колдоого, экономиканы өнүктүрүүгө жумшоо пландалып жатканын айткан.

2018-жылы 9-октябрда Душанбеге келип кеткен фонддун Тажикстан боюнча миссия башчысы Паджама Ханделвал банк системасында аманатчылардын ишенимин калыбына келтирүү боюнча өкмөттүн аракеттерин колдой турганын билдирген. Бирок 2016-жылдагы каржы секторун баалоо программасында берилген сунуштарды аткаруу үчүн дагы көп иштер талап кылынарын белгилеген.

Ханделвал өлкөдөгү эки ири банкты кризистен чыгаруу үчүн чечкиндүү чараларды көрүүнү сунуштап, бирок ал кандай чаралар экенин так белгилеген эмес. Каржы адистери Эл аралык валюта фонду Тажикстандан «Точиксодиротбанк» менен «Агроинвестбанкты» банкрот деп жарыялоону талап кылууда деп болжолдошкон.

​Мындан тышкары фонддун өкүлдөрү Рогун ГЭСин мамлекеттик бюджеттин эсебинен курууну сунуштабай турганын айтышкан.

XS
SM
MD
LG