Ссылки доступа

Түркмөнстанда президенттик белек катары аялдарга 17 доллардан берилет (видео)


Түркмөн мамлекеттик телеканалынан көрсөтүлгөн кадрлар
Түркмөн мамлекеттик телеканалынан көрсөтүлгөн кадрлар

Түркмөнстанда 8-март майрамына карата аялдарга 17 доллардан бериле баштады. Облус жана шаар башчылары президенттин акчалай белектерди таратуу тапшырмасын 4-мартта алышкан.

Президенттик белекти тапшыруу салтанаты жыл сайын өлкөнүн мамлекеттик телеканалдарынан көрсөтүлүп, алып жаткан жарандар ыраазычылык катары белектерди жүзүнө тийгизишет. Бул жолкусунда телеканалдар бала бакчада тарбияланып жаткан жеткинчектердин акчалай белек алып жаткан учурун көрсөтүштү.

Президент Гурбангулы Бердымухамедов 8-март майрамынын алдында ишканаларда иштеген аялдарга, окуу жайларда билим алган жана бала бакчаларда тарбияланган кыздарга 2011-жылдан бери белек берип келет. Мындан тышкары пенсия жана мамлекеттик жөлөкпулдарды алган жарандар президенттин атынан бир жолудан акчалай жардам алышат.

Буга чейинки жылдары акчалай белектин суммасы 40 манатты (бийлик тарабынан белгиленген курс боюнча 11 доллар) түзүп келген.

XS
SM
MD
LG