Ссылки доступа

Өзбекстан газ үчүн Лукойл компаниясына 600 миллион доллар карыз


Өзбекстан газ үчүн былтыр Лукойл компаниясына 600 миллион долларга жакын карыз болду. Бул тууралуу аталган компаниянын газ өндүрүү боюнча вице-президенти Азат Шамсуаров билдирди.

Анын айтымында, бул карыз Өзбекстан Лукойл тарабынан өндүрүлгөн газдын бир бөлүгүн ички базарга алып калып жаткандыгына байланыштуу. Компания менен өзбек өкмөтүнүн ортосундагы келишимге ылайык, Лукойл өндүргөн газ толугу менен чет өлкөлөргө экспорттолушу керек болчу.

Шамсуаров белгилегендей, ортодогу сүйлөшүүлөрдөн кийин тараптар бул карыздан ай сайын белгилүү бир сумманы төлөө аркылуу эки жылдын ичинде кутулуу тууралуу жаңы макулдашууга келишти. Ага ылайык, Лукойл ички базар үчүн 12,5% арзандатуу менен жылына 5 миллиард куб метр газ калтырып турмай болду.

Орусиялык компания Өзбекстанда Кандым – Хаузак – Шады – Кунград жана Түштүк-Батыш Гиссар кендерин иштетип, жылына 14,5 миллиард куб метр газ өндүрөт. Анын негизги бөлүгү Кытайга сатылат.

Өзбекстанда 2004-жылдан бери иштеп келаткан Лукойл 2020-жылга чейин бул өлкөдө газ өндүрүшүн 16 миллиард куб метрге жеткирүү планын билдирген.

XS
SM
MD
LG