Ссылки доступа

Telegram өз колдонуучуларын «Рунетти изоляциялоого» каршы акцияга чыгууга чакырды


Telegram мессенджери өз колдонуучуларын Орусияда интернетти изоляциялоого каршы акцияга чыгууга чакырды. Тиешелүү билдирүү сервистин расмий каналында пайда болду.

Анда интернетти изоляциялоого каршы акцияларды 10-мартта Москва, Хабаровск жана Воронеж шаарларында өткөрүү пландалып жатканы жазылган.

«Роскомнадзор Telegramдын Орусияда иштөөсүнө тоскоолдук жаратуу максатында 10 айдан бери күн сайын миңдеген IP-даректерге бөгөт коюп келет. Орусияда кабыл алынып жаткан мыйзамдын максаты өлкөдө жалпы цензура киргизүү. Бийлик миллиарддаган рубль коротуп, Орусияны башка дүйнөдөн ажыратып коюуну көздөп жатат», – деп жазылган анда.

Рунетти изоляциялоо тууралуу мыйзам долбоору Мамлекеттик Думанын кароосуна былтыр декабрда алынып чыккан. Анын авторлору Федерациялар кеңешинин комитет башчысы Андрей Клишас менен Мамдуманын депутаты Андрей Луговой. Алар интернеттин орусиялык сегменти жалпы интернетке көз каранды болбостон автономду иштей турган техникалык мүмкүнчүлүк түзүүнү сунуштап жатышат.

Мыйзам долбоорун ЖМКлар, социалдык түйүн колдонуучулары жана телекоммуникациялык тармактын айрым катышуучулары сынга алышкан. Былтыр апрелде Telegramдын негиздөөчүсү Павел Дуров колдонуучуларды мессенджердин тосмолонушуна каршы Москвада акцияга чыгууга чакырган. Байкоочулардын маалыматына караганда, анда акцияга 12 миңге жакын киши чыккан.

XS
SM
MD
LG