Швеция прокуратурасынын маалыматына караганда, ал "Ислам мамлекети" экстремисттик тобунун мүчөсү менен такай байланышта болгон. Соттогу көрсөтмөлөргө ылайык, ал соода борборун жана темир жол бекетин жардырууну пландаган.
Швецияда терроризм боюнча айыпталып жаткан кыргыз жана өзбек жарандарынын соту 7-январда башталган. Алардын бешөө - өзбекстандык, бир адам - кыргызстандык. Бирок соттолуучулар айыптарды четке кагып жатышат.