Бирикменин башчысы Замирбек Көчөрбаев "Азаттык" радиосуна билдиргендей, алар 11-мартта мэрияга барып, нааразылык акциясы тууралуу маалымдашат.
Уюмдун мүчөлөрү "8-мартта аялдардын укуктарын даңазалаган иш-чаранын шылтоосунда ЛГБТ коомчулугунун жүрүшү болду" деп жатышат. Мэрия бул акцияны уюштурууда эрежелер бузулбаганын билдирген.
8-март күнкү акцияда кыз-келиндердин укуктары, феминисттик көз-караштардан тышкары сексуалдык азчылыкты колдогон плакаттар да болгон.
Акцияга "Кыргыз чоролору" коомдук бирикмесинин мүчөлөрү да чыгып, активист аялдарга гүл беришкен.