Ссылки доступа

Муфтият жума кутпаларын башка тилдерде айтууга чектөө койду


Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы (муфтият) бардык диний уюмдардагы иш-кагаздарды жана жума кутпаларын кыргыз тилинде жүргүзүү, зарыл учурда орусча кошуу тууралуу буйрук чыгарды. Муфтий Максатбек Токтомушев буйрукка 6-мартта кол койгон.

Документтин экинчи пунктуна ылайык, кыргыз эмес, башка улуттагы жарандар байырлаган аймактардагы мечиттерде да жума кутпалары кыргызча, зарыл болсо орусча айтылышы керек.

"Ал эми башка учурларда өлкөбүздө жашаган башка этностор мечиттерде өз тилдеринде түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө тыюу салынбайт",- деп түшүндүрмө берди Мусулмандар дин башкармалыгынын басма сөз кызматы.

Буйруктун аткарылышын муфтийдин орун басарлары, шаардык жана облустук казылар, райондордун имам-хатибдери көзөмөлдөйт.

Кыргызстандын калкынын негизги бөлүгүн кыргыздар түзөт, бирок дагы ондогон улут өкүлдөрү байырлашат. Өлкөдө кыргыз тили - мамлекеттик, орус тили - расмий макамга ээ.

XS
SM
MD
LG