Ссылки доступа

Конгресстеги демократтардын башчысы Трампка импичмент жарыялоого каршы


АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелоси президент Дональд Трампка каршы импичмент жараянын баштабай турганын билдирди.

Анын айтымында, эгер жалпы колдоого алына турган ишенимдүү далилдер болбосо, импичмент коомдо чоң ажырым жаратышы мүмкүн.

Буга чейин президентке импичмент жарыялоо маселеси Конгресстеги бир нече демократ тарабынан көтөрүлгөн. Учурда Өкүлд өр палатасында көпчүлүктү түзгөн демократтар президентке импичмент жарыялай алышат, бирок ал демилге акыркы чечим кабыл ала турган Сенаттын колдоосун таба албайт. Анткени анда республикачылар көпчүлүктү түзүшөт.

Сурамжылоолорго ылайык, америкалыктардын көбү президентке импичмент жарыялоо демилгесин колдобойт. Демократиялык партиянын жетекчилиги мындай кадам президентке тилектеш болгон жарандардын санын көбөйтүп, президенттик шайлоодо Демократиялык партиядан көрсөтүлчү талапкердин жеңишке болгон мүмкүнчүлүктөрүнө терс таасир этиши мүмкүн деп чочулоодо.

XS
SM
MD
LG