Эгер мыйзам долбоору колдоо тапса, Тажикстандын аймагында электрондук контент саткан чет өлкөлүк компаниялар, анын ичинде «Гуугл» компаниясы салык органдарына отчет тапшырып, кошумча нарк салыгын төлөп турушу керек болот.
Тажикстандын Салык комитетинин төрагасы Завкибек Шодиёндун айтымында, учурда мыйзам долбоору тиешелүү мамлекеттик түзүмдөр менен макулдашылууда жана жакында өкмөттүн кароосуна чыгарылат.